"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында Кыргыз Республикасынын спортчусу 1 коло медалга ээ болуп, 207 мамлекеттин ичинен өлкөбүздү 50-орунга жайгаштырды. Алдыда Олимпиаданын дагы 10 күнү бар, андыктан кыргыз спортчулары дагы ийгилик жаратат деген ишеничтебиз.
Негизинен спортчуларга жан тартып жаткан учур оор болот эмеспи. Аталган Олимпиададан кызыктуу жана күлкүлүү сүрөттөрдү жайгаштырып, бул абалды кичине болсо да жеңилдетүүнү туура көрдүк. Спортчулардын учурда тамашалашканга убакыттары да, балким, каалоолору да жок. Бирок өз жумушун билген сүрөтчүлөр сериялык сүрөт тартуу менен керектүү кадрды кармап калышса, кээ бир сүрөтчүлөр керектүү маалда, керектүү жерде болуп калышкан.