Актёр Жонни Депп 400 миллион долларлык мүлкүн сактап калуу үчүн аялы менен соттошот

17-августта белгилүү актёр Жонни Депптин аялы Эмбер Хёрд менен ажырашуу процесси боюнча кароо өтөт. Эмбер Хёрд актёрду "мага кыйноо көрсөткөн" деп айыптаса, актёр "баары куру жалаа" деп, өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн бардык күбөлөрдү топтоодо. Бул маселени чечүүдө эми ага анын мурунку жарандык никедеги аялы Ванесса Паради жардамга келет. Ал Деппти сотто коргоого макулдугун берген.

"Жонни Депп - менин балдарымдын атасы, ал абдан ак көңүл, бизди сүйгөн, биз үчүн сүйүктүү адам. Мен чындап ага болгон айыптоолор жалган экенине ишенем. Биз чогуу болгон жылдары Жонни бир да жолу мага күч колдонуп, ачуусун көрсөткөн эмес. Ал тууралуу айтылып жаткан сөздөр мен 14 жыл бою эң сонун күндөрдү өткөргөн адамга (Жонни Деппке) тиешеси жок", - деп Ванесса Паради чет элдик басылмаларга берген маегинде билдирген.

Белгилей кетсек, Жонни Депп менен Эмбер Хёрд 2011-жылы тасма талаасында таанышышкан. Сүйүшкөндөр 2015-жылы Лос-Анжелес шаарында чакан той өткөрүшкөн. Кийин той актёрдун жеке аралдарынын биринде ал жактагы жакын дос-туугандары үчүн уланган.

Үйлөнүү тойдон 15 ай өткөндө Эмбер Хёрд ажырашуу үчүн арыз берип, жолдошунан колдоо иретинде 400 миллион долларлык мүлк сураган. Учурда актёр мүлкүн өзүндө алып калуу үчүн колдон келгенинин баарын жасоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldar.
2016-08-12 11:07:20
Обу жоктор.
+3
bekiw.801
2016-08-12 11:27:49
Акча учун тийиптир да корсо
+3
TAYNAYA
2016-08-12 11:37:00
Байлыгын коздогон аял экен эл да.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан