Кыргыз спортчусу Иззат Артыковду жердештери салтанат менен тосуп алышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль тагынган оор атлетчи Иззат Артыков баштаган топ жергебизге келип түштү. Аларды жердештери салтанат менен тосуп алып, гүл карматышты.

Медаль ээсин тосуп алуу иш-чарасында анын достору, жакындары, Спорт агенттигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү болушту. Спортчу өтө толкунданганын, кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль алып келүүгө аракет кыларын баса белгиледи.

Андан тышкары мушкер Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Океева жана сууда сүзүү мелдештерине катышкан Дарья Таланова менен Денис Петрашов сыяктуу спортчулар кайтып келишти.

Учурда спортчулар өлкөбүздүн желеги тагылган 5 унаа менен Бишкек шаарын көздөй бет алышты. Алар шаардагы Жибек-Жолу көчөсүн, Манас кең көчөсүн, Түштүк магистралды, Абдрахманов, Чүй, Тоголок Молдо, Фрунзе көчөлөрүн кыдырышат.

Иззат Артыков: "Кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль алып келем"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
daniyar84
2016-08-12 10:05:59
Ото жакшы жанылык!!!
+5
Patriot..kg
2016-08-12 10:12:06
Молодец
+3
Medina..
2016-08-12 10:16:50
Торт сонун го))Азаматсыз.
+2
Xanbiyken
2016-08-12 10:39:00
Medina.., мага да жакты жегинди келтиретко
+1
bema_bema
2016-08-12 10:39:05
Ыйладымго мен медаль тагынгандай эле болуп кыргыз элими суйунтуп журо бер Иззат
+6
akubeku
2016-08-12 10:43:59
Чыныгы эр экенсинго азамат сен учун сыймыктанабыз
+1
aszyma
2016-08-12 10:48:42
Одноклассниктен УРРААА!!! Айсулуу Тыныбекова АЛТЫН медаль утту деп окуп,угуп калайык,- дегенди окуп суйунуп кетипмин жениптир деп.
Кудайым буйруп АЛТЫН медаль тагынып кел.Иззат Ылайым коло медалын АКЖОЛТОЙ болсун. Артынан медалдарды ээрчите келсин. Айсулуу сенден умутубуз чон...
+3
moskyrsat
2016-08-12 10:54:14
Португалия болуп кетиптирго. Азамат бар бол
+1
takowa_tyratbekovna94
2016-08-12 12:24:46
Ооооо сонун жанылык экен Иззат бир гана Алга кыргыз элинин желегин дагыы бийиктерге котооор бунун Эми башталышы болсун
+1
shirinai
2016-08-12 13:05:13
Чындап эле бул жакта мен толкунданып кеттим. Ийгилигин менен куттуктайм.
+1
nasaat
2016-08-12 14:15:43
Суйундук , кут болсун башкаларга дагы жугуштуу болсун.
+2
karakchyyy
2016-08-12 15:13:12
Булар эмнеге келе беришти калган спортчуларды колдоп акырына чейин калышса болмок же мумкун эмеспи
0
tohanur
2016-08-12 16:47:55
Иззат рахмат сага.
0
Sekainohana
2016-08-12 17:49:11
Azamat, kyrgyzymdyn nakta uulu, dagy toodoi yigilikterdi bagyndyryp Kyrgyz elibizdi syiyndyryp jyro ber! Kyrgyz elimdi kubantkan en sonun kabar boldu! Olkobyzdyn atyn 4ygargan ushundai adamdar koboiso deim
0
madina.87
2016-08-12 21:59:07
Ушунчалык спортко кызыгуум кучпу,айтоор ушу жигиттин ийгилигин коргон сайын суйунгонумдон ыйлап жатам.
Алга Кыргыздын жигиттери!!!
0
etaj_rus79
2016-08-13 17:24:43
молодчик изат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан