МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Абир Касенов Ысык-Көлдү даңазалап, романтикалуу жай катары көрсөткөн "Сүйгөнүм" клибин тартуулады

Ар бир чыгармасына терең маани берип, ыр жаздырып, клип тарткан Абир Касенов бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталынын колдонуучуларына "Медиа-портал" бөлүмүндө "Сүйгөнүм" ырынын жаңы клибин тартуулады. Клипте Ысык-Көл, анын кайталангыс кооздугу, сүйүү даңазаланат.

Чыгарма тууралуу ырчы буларга токтолду: "Сүйгөнүм Ысык-Көлдү карап" деп ырда айтылгандай, клипте кеңсе кызматкери сүйүктүүсүн сагынып, соңунда ага жолугуу үчүн Ысык-Көлгө аттанганы көрсөтүлөт. Негизги идея Ысык-Көл кыргыздын романтикалуу, кереметтүү, кооз жайы экенин көрсөтүү болгон. Акыркы кезде өлкөнүн бардык аймактарынан кыргыздардын көлгө барып эс алып жатканын, алгачкы ирет көлдү көрүп суктангандарды байкоого болот. Бир өлкөдө жашап жатып кээ бирлери өмүрүндө бир да жолу көлдү көрүшкөн эмес. Андыктан Ысык-Көлдүн кайталангыс кооздугун көрсөтүү, ал жер көлдүктөрдүн эле эмес, бардык кыргыздардын жайы экенин көрсөтүү максатында клип тартылды".

Ошондой эле клипте "Ысык-Көл турганда кайдагы Дубай, Франция, Париж, эң жакшысы, кереметтүү көлгө барып эс алуу керек" деген ой айтыларын кошумчалады ырчы.

Абир Касеновдун "Сүйгөнүм" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан