Кыргыз дзюдочусу Юрий Краковецкий "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында өз салмагында чейрек финалга чыкты. Спортчу 100 килограмм салмак категориясында татамиге чыгып, 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбарт менен кез келди. Спортчубуз бул беттешти ыкма колдонуу менен (иппон) утуп алды.
Жарым чейрек финалда болсо Ю.Краковецкий украиналык Яков Хаммо менен беттешти. Бул беттеште да кыргыз спортчусу жеңишти аркалады.
Эми спортчу чейрек финалда өзбекстандык Абдулло Тангриев менен беттешет.