Рио-2016: Юрий Краковецкий өзбек спортчусуна утулду, бирок коло медаль үчүн күрөштү улантат

Бүгүн, 12-августта Кыргыз Республикасынын дзюдочусу Юрий Краковецкий "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында өз салмагында финалга чыгуу укугунан ажырады. Ал 100 килограмм салмак категориясында чейрек финалда өзбекстандык Абдулло Тангриев менен беттешип, утулуп калды. Атаандашы мекендешибизди ыкмага салып таза утуп алды.

Спортчу финалга чыгуу укугунан ажыраганы менен, коло медаль үчүн кармашты улантат. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда анын атаандашы кубалык Алекс Гарсия Мендоза болмокчу. Беттеш Бишкек сааты боюнча 00:30да орун алат.

Кошумчалай кетсек, Юрий Краковецкий 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
ariet97
2016-08-12 23:37:52
Полуфинальна чыкан жок полуфинал дан утуулган дар коло учун курошотко
-1
ariet97
2016-08-12 23:39:19
Коло утту уже анда
-1
Aiboy0993
2016-08-12 23:45:30
Алга Кыргызстан
0
Xanbiyken
2016-08-12 23:48:11
Айланайындар ойнобойт экен
0
bakulya2015
2016-08-13 00:08:24
жана саат 12де дединер элегоо,мен аран 12 куттум эле,эми 12жарымд дешетго. Уктап калат окшойм эртенда кайталайбы? Бирок азырда эптеп кутом женебиз кудай колдосууун!
0
Xanbiyken
2016-08-13 00:08:32
Достоооор шансы бар экен, азыр 00.30 ойнойт экен.
+1
Arsenal2
2016-08-13 00:10:55
Талашпагыла айлананайындарым Юра курошот.шанс бар колого тока эки беттеш откорот ошо экоон тен жениш керек
0
JENTELMEN
2016-08-13 00:56:08
Женилдик!
-2
nuridindosmatov
2016-08-13 00:56:58
Оббоооо жеңилип калдыкко
0
nuridindosmatov
2016-08-13 00:57:30
Кубалыктан жеңилдигоооооо
0
Xanbiyken
2016-08-13 00:57:33
Мама олдук
0
raiana53
2016-08-13 00:57:53
утулуп калдыыы коло медаль да жок эми
-2
JENTELMEN
2016-08-13 00:58:15
Макул эми 2 дзюдочуну уттук.Алп Германиялыкты да утту
0
incognito1
2016-08-13 01:00:17
Атайын уктабай кутуп жаттым эле(((
Мейли эми, эн биринчи жениш эмес, Кыргызстандын атын чыгарып катышкандык. (Главное – не победа, а участие) Молодец, буйруса эмикисинде женебиз.
+2
Abdullatif
2016-08-13 01:00:45
Окунучтуу, аябай окунучтуу (((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан