Кыргыз Республикасынын дзюдочусу Юрий Краковецкий "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында байгеге илинбей, мелдештен четтеп калды. Спортчу 100 килограмм салмакта коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп калды. Беттеште кубалык спортчу мекендешибизди ыкмага салып утуп алды (иппон).
Кошумчалай кетсек, спортчубуз 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште ал өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулуп калган.
Ушуну менен бокс, сууда сүзүү жана оор атлетика курамалары сыяктуу эле дзюдочулар да мелдештин эшигин жабышты. Ийгилик болгону оор атлет Иззат Артыковду коштоп, спортчу 67 килограмм салмакта коло медаль тагынган.