ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаа уурдалды

13-августка караган түнү Бишкектин 4-кичи районунан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаа уурдалды (мамлекеттик номуру I 2242 AA). Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, унаа үйдүн алдына токтотулган. Автоунаа ээси унааны саат бирлер чамасында токтотуп үйгө кирген. "Патрулдук милицияга арыз менен кайрылып, маалымат бердик. Алар азыр издөө иштерин улантып жатышат. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Япониядан алынып келинген
автоунааларды уурдоо фактылары өтө сейрек кездешет. Көбүнчө уурулар германиялык автоунааларды оңой ачышат экен", -
дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
leilekstan_1987
2016-08-14 14:12:43
Азыр адамды уурдап кетип ататко. Хонда япошкаларды уурдаган кыйын дейсин
+4
alaibekovich
2016-08-14 14:23:24
Кантип эле кичинекей Кыргызстандан уурдап чыгып кетсин... Оной эле табылат адилеттуу издешсе ////
+5
abusait
2016-08-14 14:25:15
Укмуш куш кабар. Айфон сеники.
+3
Frunze74
2016-08-14 14:35:13
Уурдап барып касапканага откоруп жиберсе балээге да табылбайт. Касап машинанын 1/3-1/5 суммасын сунуштай алышы мумкун. Болбосо краскалап документтерин тууралоо ыгын-жолун билгендерге баш оору эмес. Азыр чындап эле адам жоголуп жатканда, машина уурдоо кеп болбой калды го бизде...
+5
Damir Muhambetovich
2016-08-14 14:37:58
Menin mashinam eki sutka boldu ozum kosho izdep jyrom shaardy byt izdedim jok milicia konyldonboi jatat okshoit izdese bat ele tabat dep jatyshat
0
Frunze74
2016-08-14 14:49:28
Damir Muhambetovich, милицияга кобуроок суйунчу пул айтып кор, пайда корунбосо чуркабайт да аларын...
+4
Urmat_83
2016-08-14 14:41:11
Адашып жазып алыпсын бул жакка эмес милицияга жазышын керек болчу
+4
Damir Muhambetovich
2016-08-14 15:12:14
Urmat_83,Super arkyluu ushul nerseni okup kochodo koryp kalaby degen ele oi miliciaga oshondo ele berilgen
+1
Frunze74
2016-08-14 15:35:51
Damir Muhambetovich, уурдалган машина кочого коюлбай калды го, бул окуя басты басты болгуча коздон далдоо жерде, мисалы бир гаражда кармашат да, же шаардан чыгарып кетишти. Номерин албетте озгортушот, эгер шаардын бир бурчунан башка бурчуна алып баруу керек болсо...
+1
abusait
2016-08-14 17:09:00
Damir Muhambetovich,экстрасенс
Козу ачыктардан да сурап кор.
0
nerrazuri
2016-08-14 17:40:05
Уятко эми кыргызстанда машине уурдап журсо. Казакстандан уурда Озбекистанда жэ Россиядан уурда :(
-1
pyeon hwa
2016-08-14 23:05:17
14kyny ак тустогу Хонда оддисей уурдалды 8микрорайондон. 9536
0
Damir Muhambetovich
2016-08-16 10:29:21
Rahmat baardygynarga mashinany taap berishti bir baikeler keche kechine tabyldy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан