Бүгүн, 14-августта кыз-келиндер арасында 156 спортчунун катышуусунда марафон жарышы орун алды. Анда спортчулар 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркашты. Жарышка Кыргыз мамлекетинин желеги астында 3 спортчу катышты: Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул жарышта кыргыз спортчулары алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.
Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).
Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).
Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).
Бул жарышта 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 24 мүнөт 4 секундада чуркап өткөн кениялык спортчу Жемима Желагат Сумгонг алтын медалды камсыздады. 2-орунду Бахрейндин өкүлү Юнис Жепикуруи Кирва ээлесе, алдынкы үчтүккө эфиопиялык Маре Дибаба өз ысымын жаздыра алды.