Рио-2016: Балбан Арсен Эралиев коло медаль үчүн күрөштү улантат

Балбан Арсен Эралиев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 59 килограмм салмакта коло медаль үчүн күрөштү улантат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, спортчу мелдеш алкагында алгачкы беттеште учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Арсендин андан аркы "тагдыры" Кубанын балбанынын аракетине байланыштуу болмок. Баары биз күткөндөй болуп чыгып, кубалык балбан финалга чыкты. Бул Арсен Эралиевдин коло медаль үчүн кармашты улантуусун шарттады.

Алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люмин менен беттешет. Жеңип чыкканы коло медаль үчүн өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго каршы турат.

Беттештерге Бишкек сааты боюнча 01:00дө старт берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (67)
KaiMak
2016-08-15 01:21:39
ухууу
+1
bakulya2015
2016-08-15 01:22:34
толкунданып баратам,кудай дубаларыбы3ды кабыл кыла берсииин чексиз дуба кылалы женебиз кудай кааласа
+3
aygerimsm
2016-08-15 01:23:08
Урааааа
+1
Bars111
2016-08-15 01:23:38
4:2 эсебинде Арсен уттуго чиркин, жымшык козду.
+2
aygerimsm
2016-08-15 01:24:11
Озбекстае мн качан курошот эми ?
0
myslimaaa
2016-08-15 01:24:13
Урааааа кытайды жалпайтты, Азаматсын Арсен эми озбекти жалтпайтсан тан аткыча уктабай майрамдайт элем жалгыз олтруп алып эле. Азыр утканда кыйкырып кошуналарды кошо ойготтум окшойт.
+2
moskyrsat
2016-08-15 01:24:40
Жанылык Ванк утту Арсен эми коло медал учун озбек менен 2 00 до чыгат
+1
Zarlykbek
2016-08-15 01:26:40
Ураа Армен кытайлык балбанды утту
+1
Zarlykbek
2016-08-15 01:27:00
Арсен кечиресинер
+1
alpekova
2016-08-15 01:29:33
Урааа Арсен Эралиев кытайды женди эми озбек менен саат 2:00 до беттешет. Аны утат деген умуттобуз. Коло медал биз тарапта буйруса, ийгилик
+3
argen.kg4
2016-08-15 01:32:56
Уррааа женди кытайды Арсен 4:2эсебинде.Комментаторлор молодец ар бир секунтту эсептешти.
+2
surgeon777
2016-08-15 01:39:39
argen.kg4,мен да акыркы эки муноттун секундаларын эсептеп,жаным чыгып кетейин деди го чиркин!
+2
SeN_Sulusun
2016-08-15 01:33:02
Кудакалса утат туугандар суйунучум батпай ата
+2
-NURIK-
2016-08-15 01:36:21
Арсен доске эми озбекти да ут эми анан не кылсан ошо кыл
0
aygerimsm
2016-08-15 01:40:01
молодец!!! Озбекстанды ута кор эми. Кудай озу колдосун ! куч кубат берсин ! чон ишеним мн колдойбуз !
+3
miraiymka
2016-08-15 02:11:35
утулдууууу((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан