30-августта Бишкек шаарында Казакстан менен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курамалары жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Беттеш Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тарабынан расмий жолдоштук беттештердин катарына киргизилген. Билеттер 18-августтан тарта 200, 350 жана 500 сомдон сатылмакчы. Оюн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
SUPER.KG беттеш өтө турган стадионго барып, саналуу күндөр калганда стадион кандай абалда экенин көрүп келди.
Стадиондун кызматкерлеринин айтымында, майдан маал-маалы менен сугарылып жатканына карабай чөптөр саргайып жатат. Чөптү кыркуу апта сайын жүргүзүлүүдө. Ал эми акыркы беттеште сындырылган отургучтар толугу менен алмаштырыла элек.
Беттешке 1-2 күн калганда стадиондогу чөптүн абалы, майдан үстүнүн тегиздиги, жарык берүүчү каражаттардын абалы текшерилет.