Рио-2016: Орусия алдынкы төрттүктө, 2 медаль алган Өзбекстан 57-орундан 39-орунга секирик жасады

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын тогузунчу мелдеш күнүндө, тактап айтканда, 14-августтун экинчи жарымынан 15-август, эртең мененкиге чейинки аралыкта 22 комплект медаль ойнотулууда.

Учурда Американын спортчулары медалдардын саны боюнча калгандарына жеткирбечүдөй түр көрсөтүп, ат чабым алдыда баратат. Командалык эсептеги күмүш медалды Кытай менен Улуу Британия талашууда. Орусия азырынча 4-орунду ээлеп турат. Өзбекстандын спортчулары акыркы күндө 1 алтын, 1 коло медаль алуу менен 57-орундан 39-орунга жылды.

Жалпы 207 мамлекеттин ичинен 68 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты.

1. АКШ - 69 медаль (26 алтын, 21 күмүш, 22 коло)

2. Улуу Британия – 38 медаль (15 алтын, 16 күмүш, 7 коло)

3. Кытай – 45 медаль (15 алтын, 13 күмүш, 17 коло)

4. Орусия – 30 медаль (9 алтын, 11 күмүш, 4 коло)

5. Германия - 17 медаль (8 алтын, 5 күмүш, 4 коло)

6. Франция - 22 медаль (7 алтын, 8 күмүш, 7 коло)

7. Италия - 21 медаль (7 алтын, 8 күмүш, 6 коло)

8. Япония – 27 медаль (7 алтын, 4 күмүш, 16 коло)

9. Австралия – 22 медаль (6 алтын, 7 күмүш, 9 коло)

10. Түштүк Корея – 14 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 5 коло)

16. Казакстан – 8 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 4 коло)

28. Бразилия – 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло)

39. Өзбекстан - 5 медаль (1 алтын, 4 коло)

64. Кыргыз Республикасы - 1 медаль (1 коло)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
RNA78
2016-08-15 08:32:31
Озбекстанды жазбай койсонор деле болмок, суротун да кошо чыгарыпсынар. Лично мага Озбекстандын кызыгы жок. Спортчуларыбызга ийгилик каалайм!
+16
Danik
2016-08-15 09:31:18
Кыргызстан сенда алтын алчы эми озбектерден откулоо алга
+1
aslan_akjol89
2016-08-15 10:12:26
Буйруса,2 алтын алсак артта калат тиги кошуна.
+7
KGstan1981
2016-08-15 10:41:44
Озбекстандын желегин которгон спортчунун аты Эльмурат Тасмурадов аты жону дагын тусу дагын кыргыздарга окшоп кетет экен.Меним айтарым биздин бийликкытайларга КРнын жарандыгын береэрбей ошол чет олкодогу жашаган этникалык кыргыздарга КРнын жарандыгын бергенде жакшы болмок.
0
Riokyrgyz
2016-08-15 11:28:57
KGstan1981,ме деп берсе эле келе берет бекен. Анын да озунун мекени да. Узбек эле. Кичине эле окшошпосо.
0
KGstan1981
2016-08-15 11:39:37
Riokyrgyz,Озбекстанда жуз мин деген кыргыздар жашайт мисалыга меним кыргыз туугандарым жашайт Озбекстандын Фергана жана Андижан облустарында.
0
Alixan-Nookat.2015
2016-08-15 12:20:30
Арсендин Озбекстандык балбандан женилгенине жаман болдум Озбектер эми оло мактанат телевизордон кундо берип.
+3
Jazi89
2016-08-15 18:54:48
Alixan-Nookat.2015,созуно кошулам
Менин ичим ачышканын айтпа ,россияда
Иштейбизда биз мн жашаган
Бир айтып калды ал эже озбек мн
Иштейт экен да Кыргызстан
Озбекстандан утулуп калды деп
Ошол озбектен уктум дейт кайра кайра
Айтып мактанат дейт .
+1
aziziko
2016-08-15 12:32:57
Биз Кыргызстан менен Озбекстандан алда канча артка калган экенбиз окунучтуу . Бирок экоону тен диктаторлор башкарат да
+1
elmurat.kg
2016-08-15 14:21:42
адашым экенго...озбектер бизди эс эскеда албайт...футбол шархи деген передачасы бар Россия 2018 КМ азияда.группадагылардын баарынын голдорун корсоткон...биздикини гана корсоткон эмес....
0
tulpar90
2016-08-15 15:10:48
Россиянын медалдары кандай түшүнбөдүм.
0
NARYNGRAD
2016-08-15 17:14:20
tulpar90,Мен дагы, мындай эсептесен 24 медаль болуп атат, анан кайдагы жалпы 30 медалды жазып коюшкан?
0
admin_portal
2016-08-15 16:08:03
Jazi89, nuridindosmatov, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болууну сунуштайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан