Рио-2016: Британиялык теннисчи Энди Маррей жекеликте жеңишке жетишип, чемпиондук наамын коргоду

Британиялык теннисчи Энди Маррей экинчи ирет катары менен Олимпиада чемпиону аталды. Теннисчи "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында жекеликте жеңишке жетишти. Буга чейин ал "Лондон-2012" Олимпиадасында дал ушундай бийиктикти багындырган. Ал оюндардын тарыхында чемпиондук наамын коргогон алгачкы теннисчи болду.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, Маррей финалда аргентиналык Хуан дель Потро менен беттешип, утушка ээ болду (7:5, 4:6, 6:2, 7:5).

Медаль үчүн кармашта сербиялык Новак Жокович алгачкы оюнунда утулуп калса, испаниялык Рафаэль Надаль жарым финалда дель Потрого жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан