"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль үчүн болгон беттеште утулуп, 5-орунду ээлеп калган балбаныбыз Арсен Эралиев өкмөттөн 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын башчысы Нурпери Садырбекова билдирди.
Анын айтымында, акчалай сыйлык өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралдагы токтомунун негизинде ыйгарылат. Токтомдо Олимпиада оюндарында жана Паралимпиада оюндарында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралары жазылган.
Кайсы орун үчүн канча сумма каралганын төмөндөгү маалыматтан көрүп алсаңыз болот:
1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;
2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;
3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;
5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;
6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.