"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын онунчу мелдеш күнүндө, тактап айтканда, 15-августтун экинчи жарымынан 16-август, эртең мененкиге чейинки аралыкта 19 комплект медаль ойнотулууда. Алгачкы күндөрдө лидерлик сапка чыккан Американын спортчулары дагы да болсо алдыда келүүдө. Алар 75 медаль утканга жетишишти.
Орусиянын спортчулары акыркы күнү 6 медаль алып келип, 4-орунду бекемдей алышты. Алдынкы ондукта өзгөрүү болгон жок. Казак спортчулары уткан медалдардын саны 10го жетти. Ал эми өзбек спортчулары дагы бир алтын медаль утуп, 27-орунга көтөрүлүштү.
Жалпы 207 мамлекеттин ичинен 72 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты.
1. АКШ - 75 медаль (26 алтын, 22 күмүш, 24 коло)
2. Улуу Британия – 41 медаль (16 алтын, 17 күмүш, 8 коло)
3. Кытай – 46 медаль (15 алтын, 14 күмүш, 17 коло)
4. Орусия – 36 медаль (11 алтын, 12 күмүш, 13 коло)
5. Италия - 23 медаль (8 алтын, 9 күмүш, 6 коло)
6. Германия - 20 медаль (8 алтын, 6 күмүш, 6 коло)
7. Франция - 24 медаль (7 алтын, 9 күмүш, 8 коло)
8. Япония – 27 медаль (7 алтын, 4 күмүш, 16 коло)
9. Австралия – 22 медаль (6 алтын, 7 күмүш, 9 коло)
10. Түштүк Корея – 14 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 5 коло)
15. Казакстан – 10 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 5 коло)
16. Бразилия – 9 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 4 коло)
27. Өзбекстан - 6 медаль (2 алтын, 4 коло)
67. Кыргыз Республикасы - 1 медаль (1 коло)