Биз социалдык тармакта

Баткен шаарында болгон катуу шамал мектептин жана турак үйлөрдүн шиферлерин учуруп кетти

Баткен шаарында болгон катуу шамал мектептин жана турак үйлөрдүн шиферлерин учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу шамал 15-август күнү саат 19:30 чамасында орун алган. Чет-Булак кварталындагы 6 турак үйдүн 100 даана шиферин жана бир орто мектептин 6 даана шиферин шамал учуруп кеткен. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле шамалдын ылдамдыгы такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Durdana
2016-08-16 11:07:56
кудай сакта
0
Alixan-Nookat.2015
2016-08-16 12:44:50
Баткенде кундо эле туштон кийин катуу шамал болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан