Кыргыздын "Сүтак" тасмасы эл аралык кинофестивалга катышат

Бул кинофестиваль Ирак Күрдстанындагы Духок шаарында 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин өтөт. "Сүтак" Йылмаз Гүней аттуу режиссёрдун сыйлыгына жана публиканын байгесине талапкер. Ошондой эле тасманын режиссёру Мирлан Абдыкалыков "Жаңы талант" сыйлыгына ат салышат. Бул тууралуу Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү фонду кабарлады.

"Духоктогу эл аралык кинофестиваль искусство көз карашы боюнча өзгөчө тасмаларды көрсөтөт. Тандалган тасмалар "Дүйнөлүк тасма", "Күрд тасмасы", "Түндүк өлкөлөр тасмалары" программаларына катышат. Жакынкы Чыгыштагы маданий иш-чара болгондуктан, Duhok IFF Күрдстанды кайрадан маданий аймак катары таанылтууга умтулууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан