Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун 2016-жылкы сезонундагы финалчылары аныкталды. Футболдук Лигадан кабарлашкандай, 14-августта Кант жана Ош шаарында жарым финалдын жооптук беттештери орун алды. Анда "Алай" клубу "Алай-2" клубун 4:0 эсебинде утту. Алгачкы оюн да "Алайдын" жеңиши менен аяктаган (6:0).
Ал эми экинчи жарым финалдык беттеште бишкектик "Дордой" менен канттык "Абдыш-Ата-2" клубу кез келген. Алгачкы беттеште 5:0 эсебинде "дордойчулар" жеңишти камсыздашкан. Жооптук оюнда канттыктар реванш ала алышкан жок жана 3:0 эсебинде утулушту.
Кубок үчүн беттеш 17-сентябрга туураланган. Анда бишкектик "Дордой" менен Ош шаарынын "Алай" клубу беттешмекчи. Оюн өтө турган стадион азырынча аныктала элек.