Багам аралдарынын спортчусу Шона Миллер 400 метр аралыкка чуркоодо алтын медалды камсыздады. Ал жаракат алып калышы мүмкүн экенине карабай алтын медаль үчүн чоң тобокелге барды.
Миллер бул аралыкка чуркоодо башынан эле алдыга чыккан, бирок мара сызыгына аз калганда америкалык атаандашы Эллисон Феликс ага жетип келген. Алтын медалды акыркы секундада колдон чыгаргысы келбеген спортчу боюн таштап, алдыга секирген.
Бир аз күттүргөн соң мелдештин калыстары кайталоолорду карап чыгып, жеңишти Миллерге ыйгарышты. Бул жарыштарда баштын ролу өтө чоң, анткени эреже боюнча сызыктан буттун эмес, баштын өткөнүнө көңүл бурулат.