Бүгүн, 16-августта өлкө аймагында саат 13:29 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү 3 баллга жетип, очогу Кыргыз Республикасынын Өзгөн районундагы Ор-Казган айылынан 3 чакырым түштүк-чыгышты, Ак-Терек айылынан 8 чакырым чыгыш тарапты карай жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.