Чолпон-Атада катуу жаан жаап, "Рух-Ордо" маданий комплексин суу каптады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бүгүн көлөмү кашык башындай болгон мөндүр жаап, каналдагы суу нугунан ашып үйлөрдү каптады. Учурда "Рух-Ордо" маданий комплексин толугу менен суу каптоодо. Эң өкүнүчтүүсү, агынды суулар кетүүчү канализациялык түтүк да жарылып, андан чыккан ыплас суулар Ысык-Көлгө кошулуп жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.