Чолпон-Ата шаарындагы арыктар өз убагында казылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“Жергиликтүү бийлик тараптан өз убагында арыктар казылган эмес. Ошондой эле айрым жергиликтүү тургундар арыктарды тазалоого уруксат бербей коюшкан. Мындан улам өзгөчө кырдаал катталып жатат”, - деп билдиришти ӨКМдан.
Ошондой эле министрлик Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 20 куткаруучу Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу үчүн жөнөп кетишкенин билдиришти.
Айта кетсек, бүгүн түшкө маал Чолпон-Ата шаарында катуу жаан жаап, анын натыйжасында сел жүргөн. Сел суулары бир катар турак үй, дүкөн, кафе жана “Рух-Ордо” маданий комплексин каптаган.