"Медиа-порталдагы" кайгылуу клиптердин бири - Айпери Кулбаеванын "Боз торгой" ырынын клиби. Клип кош бойлуу сүйүктүү жубайын жоготуп, ачуусун ичимдик менен чыгарган жигит тууралуу. Ырчы Айпери Кулбаева клиптин тартылышына кийлигишпегенин айтты. Ал эми клипти тарткан режиссёр Замир Жашасын уулу клип тартууда кадрлар аз, бирок окуясы көп болгонун айтты.
"1-курста окуп жүргөндө группалаштарыбыз болуп борбордогу кинотеатрлардын биринин жанында орус улутундагы кыякчыга жактырган ырларыбызды ырдатчубуз. "Боз торгой" ырын укканда ошол кыякчыны элестетип, клипке да аны тартууну пландагам, бирок кийин таппай калдык. Анын ордуна Марат агайды (ред. Козукеев) тарттык", - деди клиптин сценарийинин жаралуусу тууралуу режиссёр.
"Клиптин сценарийи боюнча башкы ролдогу кош бойлуу кызды унаа сүзөт. Айдоочу чынында эле сүзүп кетчүдөй болуп, ага ишене албай, рулга өзүм отургам. Ал жерин 3-4 дубль менен тарттык, себеби кыз унаа жакындаганда коркконунан улам качып кетип жатты. Акыры унаа өзү токтогондой кылып таш коюп тарттык.
Клипте кыякчы алып чыккандай сүрөт таппай, интернеттен издеп жатып, түрктөрдүн сүрөтүн таап, Марат агайдын башын чаптап койгонбуз. Ошондо агай "Мени эмне кылып салгансыңар?" деп бир аз жини келген", - дейт Замир Жашасын уулу.
Ошондой эле режиссёр өзү башкы каармандын ролун жаратып, ыйлаган оңой болгонун кошумчалады.
"Өзүм актёрмун. Марат агай менен буга чейин иштешип эле жүргөнбүз. Бирок клипти тартып жатканда аны менен тиктешкенде эч кандай оорчулуксуз өзүмдөн-өзүм ыйлап жибергем. Бул менин алгачкы клибим, ал мен үчүн ак жолтой болду", - деди режиссёр.
Клипти көрүү үчүн шилтеме.