Рио-де-Жанейро. Олимпиада өтүп жаткан жерде камера кулап, 7 адам жабыркады

Рио-де-Жанейродо Олимпиада өтүп жаткан жерде камера кулап, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, анда көрүүчүлөрдүн үстүнө өйдө жакта турган телекамера кулаган. Анын кесепетинен 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Алардын бешөө жеңил жаракат алса, экөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Белгилүү болгондой, кырсык болгон учурда баскетбол боюнча мелдеш өтүп жаткан.

Кырсыктын келип чыгуусуна камерага байланып турган эки кабелдин үзүлүп кеткени себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Syper.kelin4ek
2016-08-16 18:50:14
Эми балее болгон турбайбы кокуууй......
0
kanykey125
2016-08-16 19:45:23
Чоон эле камера окшойт..коопсуздук жакшы каралбаган сыяктуу.
0
Polumna
2016-08-16 19:51:57
Царёв не болду
0
98.doni
2016-08-16 19:59:05
Утулуп калды
0
KYRGYZJERI
2016-08-16 21:38:08
Бразилияда даярдык начар деп берип аттты эле,
мына башталат деп атканда жерге кафель тошоп, кайсы бир олконун спортсмендери жашай турчу зданиянын свети жок болуп
0
fatiko1991
2016-08-16 22:59:36
Аааа
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан