"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча килемге чыккан балбан Руслан Царев алгачкы беттешинде 1/8 финалда утулуп калды. Ал 66 килограмм салмакта алжирлик Тарек Азиз Бенайсса менен кармашкан.
Жыйынтыгында 6:0 эсеби катталып, Африканын өкүлү жеңишке жетишти. Муну менен ал Русландын алтын же күмүш медаль тагынуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт койду. Атаандашы финалга чыгып кетсе гана Царев коло үчүн кармашуу укугуна ээ болот.