Рио-2016: Голландия медалдардын саны боюнча алдынкы ондукка кирди, Америка ат чабым алдыга чыкты

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 17-августка караган түнү, мелдештин он биринчи күнүндө 25 комплект медаль ойнотулууда. Американын спортчулары жакынкы атаандаштарынан ат чабым алыстап баратышат.

Америкалыктар жалпы 84 медаль утушту. Ал эми жеңил атлеттери Олимпиадага катышпай калган шартта Орусия алдынкы үчтүккө кирүүдө кыйынчылыкка туш болгонун байкоого болот. Бул күндөрдөгү башкы окуялардын бири Голландия өлкөсүнүн алдынкы ондукка киргени болду.

Коңшулаштар жана үй ээси тууралуу сөз кыла турган болсок, Казакстан 10 медалы менен 20-орунду ээлеп турат. Бразилия 11 медалы менен 15-орунда, ал эми Өзбекстан 30-орунда атын жазып келүүдө.

Жалпы 207 мамлекеттин ичинен 76 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты. Карамагындагы 1 коло медалы менен Кыргыз Республикасы 68-орунда келүүдө.

1. АКШ - 84 медаль (28 алтын, 28 күмүш, 28 коло)

2. Улуу Британия – 50 медаль (19 алтын, 19 күмүш, 12 коло)

3. Кытай – 51 медаль (17 алтын, 15 күмүш, 19 коло)

4. Орусия – 38 медаль (12 алтын, 12 күмүш, 14 коло)

5. Германия - 26 медаль (11 алтын, 8 күмүш, 7 коло)

6. Италия - 23 медаль (8 алтын, 9 күмүш, 6 коло)

7. Голландия - 14 медаль (8 алтын, 3 күмүш, 3 коло)

8. Франция - 29 медаль (7 алтын, 11 күмүш, 11 коло)

9. Австралия – 24 медаль (7 алтын, 8 күмүш, 9 коло)

10. Япония – 29 медаль (7 алтын, 4 күмүш, 18 коло)

15. Бразилия – 11 медаль (3 алтын, 4 күмүш, 4 коло)

20. Казакстан – 10 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 5 коло)

30. Өзбекстан - 6 медаль (2 алтын, 4 коло)

69. Кыргыз Республикасы - 1 медаль (1 коло)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
kyrgyzman
2016-08-17 09:07:00
Куда кааласа биздин кочого да кун чыгып калаар
-1
begai93
2016-08-17 11:36:24
kyrgyzman,Кудайым буйруса кун тийиши кыйын болуп калдыгооо (((
-2
fatiko1991
2016-08-17 11:00:34
Амий кыргызстан эн томон денгээлдегооооо
+2
nuridindosmatov
2016-08-17 11:37:21
fatiko1991,жоок 206 мамлекттин ичинде 69-орун бул жакшы
+2
gordaya
2016-08-17 12:33:34
nuridindosmatov,Калган мамлекеттин баары 70 орунда болуш керек, (медалдары жок) )))
+3
Kanat.tls
2016-08-17 11:03:42
Неге Куда кааласа деп жазасыңар? Кудай кааласа деп жазбайсыңарбы сөздүн баркын кетирбей!
+7
cubich
2016-08-17 13:13:53
Kanat.tls,Президент ошентип суйлойт да (((
-1
MUSA.95
2016-08-17 11:08:28
Кудай буйруса Кыргызстандын келечеги алдыда.
+4
realmadrid32
2016-08-17 11:11:46
Буюруса Токио2020 да 1-тонна алтын чогултат Кыргызстан
+8
MUSA.95
2016-08-17 11:48:00
1-тонна алтынды АКШ да чогулталбаса керек
0
ofcourse
2016-08-17 11:16:46
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет....деп үмүт кылып келе жатабыз 25 жылдан бери бир алтын медалыбыз жок...Төш кагып бакырып тоногондон башканы билбейт экенбиз кыскасы...
+9
daniel87
2016-08-17 22:50:18
ofcourse,эн туура Крден башында Бир нерсеси бар,чыныгы адилеттуу,жонокой ,билимдуулордун баары чыгып кетишкен Европа олколоруно,кыргызстанда тааныш билиш ,жемей ичмей эх койча баары эле акчаны тилеп отурат!билимдуу иштейм кучтуу бирок акчасы жок жаштарга жашоо жок
0
Sharos3
2016-08-17 12:09:12
Коррупция болуп кетти бул жагы.
Спорт комитеттен бир адам кейип айткан
. Ута тургандар кетпей, слабыйлар кетти деп.
+8
Boldukan86
2016-08-17 12:43:49
чыныгы балбандарды жоноткулода. утуп келишет озунорго да жакшы. чуркоодон бир кыргыз чыкпадыбы а?
+2
tulpar90
2016-08-17 16:07:37
Коррупция коррупцияга малынып калганбыз анан тааныш билиш тууган урук болуп жатат .
0
daniel87
2016-08-17 22:52:04
tulpar90,Жакшы Каримовдой президент керек бизге жаны система керек окмот эч качан карапайым элди ойлобойт экен
0
Frunze74
2016-08-17 17:19:18
Татыктуулардын айрымдары кетпей калгандай элес болуп жатат. Чынында олимпиадага жолдомону биздикилер бербейт бирок олимпиадага жолдомо беруучу оюндарга коп коптон катышуулары керек...
0
Sharos3
2016-08-17 18:52:54
Сыйлык бергени абдан эле жакшы.
Анткени жаштарга стимул болот.
Бирок окунучтуусу коррупция огобетер кучойт. Тааныш салып кетишет. Медаль албасанда 5-6-места алаарсын келген миллиондун баланча %ти меники дегендер пайда болот
+1
elmurat.kg
2016-08-17 19:43:59
алтындын жыты келтат калган спортчулардан
+2
Aduk_aksuu
2016-08-17 19:58:57
Кудай буюруса дагы бир медал алабыз.
0
Patriot..kg
2016-08-17 20:42:17
А айсулуу жендии
0
Sharos3
2016-08-17 20:45:36
Урррааа Айсулуу утту!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан