ЖЫЛНААМА, 17-АВГУСТ: Атактуу франциялык футболчу Тьерри Анри 39 жашка толду

Атактуу франциялык футболчу, эксперт Тьерри Анри 39 жашка толду. Ал 1977-жылы 17-августта Франциянын Эсон аймагында төрөлгөн.
Футбол тарыхындагы эң ийгиликтүү футболчулардын катарын толуктайт. Ал Франциянын курамында Дүйнө чемпиону, Европа чемпиону аталган. "Барселона" футболдук клубунун курамында Чемпиондор Лигасын утуп алган. Карьерасында "Монако" (Франция), "Ювентус" (Италия), "Арсенал" (Англия), "Барселона" (Испания) жана "Нью-Йорк Ред Буллз" (АКШ) сыяктуу клубдарда ойногон. Франция, Англия, Испания мамлекеттеринин футбол боюнча биринчиликтеринде чемпиондукту багындырган. Франция курамасынын жана "Арсенал" клубунун тарыхындагы мыкты бомбардир. Франциянын курамында 123 оюн өткөрүп, 51 гол киргизген. Ал эми "Арсеналдын" курамында өз эсебине 228 гол жаза алган. 2014-жылы ал карьерасын жыйынтыктап, "Sky Sports" телеканалына эксперт катары жумушка кирген.
17-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан