II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 12-14-августта Бишкек шаарында өткөн этникалык мода, музыка жана ыр боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
Катышуучулар калыстар тобуна өзүнүн этномода жана этнохит багытындагы эмгектерин жана чыгармаларын тартуулашканы белгилүү болду.
“Этнохит” номинациясы боюнча биринчи орундарга Жанар Туратова жана “Ак-Суунун элечекчен айымдары” “Кыргыз руху” жана “Айыл кечи” чыгармалары менен ээ болушту. Экинчи орундарды “Көк бөрү” чыгармасы менен Кылыч Эдикс, “Аура” тобу жана Аяна Касымова “Аманат” чыгармасы менен ээлешти. “Ак-Бакай айымдары” “Дүйнө” чыгармасы менен, Бакыт Мамаев “Манас аян” чыгармасы менен үчүнчү орундарды алышты.
“Этностиль” номинациясы боюнча жеңүүчүлөр: биринчи орун – Жаңыл Абдылдаева, коллекциясынын аталышы “Дастан”, экинчи орун – Алина Бактыбекова, коллекциясынын аталышы “Эски шаар”, үчүнчү орун – Нурзада Нурматова, коллекциясынын аталышы “Кырк чоро”, - деп айтылат маалыматта.
“Авангард” номинациясында Жанара Калыс кызы “Таш-Рабат” коллекциясы менен биринчи орунду алып, жеңүүчү аталса, экинчи орунду “Насыйкат” коллекциясы менен Айгерим Анарбекова жана үчүнчү орунду Чолпонай Алмаз кызы “Күндүн нурлары” коллекциясы менен багындырды.
Республикалык сынактын жалпы байге фонду 200 000 сомду түзөт: “Этномода” номинациясына 100 миң сом, “Этнохит” номинациясына 100 миң сом бөлүнгөн. Жеңүүчүлөр “Nomad Fashion Fest-2016” фестивалына катышат. Фестиваль 2016-жылдын 5-7-сентябрында Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда өтөт.
Сынактын максаты - башка маданияттын улуттук салт-санааларына болгон сый-урматты тарбиялоо, ошондой эле жаш музыканттардын чыгармачылык чеберчилигин жана аткаруучулук маданиятын көтөрүү, фольклордук көркөм өнөрдүн эң мыкты үлгүлөрүн жайылтуу максатында ар кандай багыттагы таланттуу аткаруучуларды жана топторду аныктоо, аларга колдоо көрсөтүү.
Мындан сырткары жөндөмдүү дизайнерлерди аныктоо, элдик кол өнөрчүлүктүн усталарын колдоо, жаштардын чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, модель жасоо жана кийим-кече дизайны жаатындагы чыгармачылык жетишкендиктерди эл назарына коюу, күнүмдүк кийимдер жана адамдын жашоосундагы дагы башка тармактар аркылуу этникалык салттарды улоо болуп эсептелет.