Кинематография департаментинде "Алымбек датка" толук метраждуу тасмасынын сценарийи тууралуу талкуу болду. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
"Сынак Асан уулу Алымбек датканын 215 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пландаган иш-чараларды ишке ашыруу максатында уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.
Сынак үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгы боюнча эксперттик кеңештин кароосуна бир сценарий түшкөн. Сценарийдин авторлору Баян Сарыгулов, Бекен Назаралиев жана Бакыт Карагулов экени белгилүү болду.
"Талкуу учурунда авторлорго сценарий тууралуу эскертүүлөр жана сунуштар айтылды. Сценарий айтылгандардын баары эске алынып, оңдолгон соң бекитилет", - деп кошумчалашты департаменттен.