Бүгүн, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышкан 5 спортчу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы "Манас" Эл аралык аэропортуна келип түшкөн топту дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий, жеңил атлеттер Дарья Маслова, Виктория Полюдина жана Мария Коробицкая түзөт. Дагы бир жеңил атлет Юлия Андреева (Архипова) Орусияга жөнөгөн.