Бишкекте "жарандын уюлдук телефонун жана күмүш чынжырын тартып алган" деген шек менен 18 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 42 жаштагы У.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 16-августка караган түнү саат 01:30 чамасында "Ош базарында" жайгашкан кафелердин биринен белгисиз адамдар күч колдонуу менен уюлдук телефонун, күмүш чынжырын жана 500 сом акчасын тартып алышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 18 жаштагы Д.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.