Азербайжанда бир катар оппозиция мүчөлөрү камакка алынышты

Азербайжанда бир катар оппозиция мүчөлөрү камакка алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Кармалгандардын арасында “Республикалык альтернатива” тобунун мүчөсү Натиг Жафарли да бар. Ал “бийликти мазактаган, анын кесепети референдумдун жыйынтыгына олуттуу таасир этиши мүмкүн” деп айыпталып, 4 айга камакка алынган. Ал эми жогорудагы аталган топтун дагы бир мүчөсү Тогрул Исмаилов “полицияга баш ийбей койгон” деп камалды. Ошондой эле NIDA коомдук кыймылынын катышуучулары, "Элдик фронт" партиясынын өкүлү Масуд Рзалы да камакка алынган болчу. Көпчүлүк алардын камакка алынышын референдумга байланыштырышууда.

Айта кетсек, сентябрь айында Азербайжанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ERCHOROEV
2016-08-17 17:27:05
Атандын кору дунуйо. Туркмондор озгортту,Тажиктер озгортту, Озбектер озгортту, Казактар озгортту мына Кыргыздар озгортобуз деп жатат Азерлер да кем калбаптыр. СНГ аймагында баш мыйзам озгортуу моодага айландыго чиркин. Жэ баш мыйзам озгортуу боюнча суйлошуп алышып оюн ойноп жатышабы? Кыскасы ар ким озунун ыссыкана креслосун ойлоп лафа жашоодо дагы кооооп жашагысы келип жаткандардын кербези.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан