ЖЫЛНААМА, 17-АВГУСТ: Советтик театр жана кино актёру Олег Табаков 81 жашка толду

Бүгүн советтик театр жана кино актёру, СССРдин Эл артисти Олег Табаков 81 жашка толду. Ал 1935-жылы 17-августта Орусиянын Саратов шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Павел Табаков да, апасы Мария Березовская да дарыгер болгон. Үй-бүлө Улуу Ата Мекендик согуштун бардык кыйынчылыгын өз башынан өткөргөн. Атасы согушка кетип, апасы балдарын багуу үчүн аскер ооруканасында иштеген. Согуш бүткөндө актёрдун ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн.

Актёрдун эмгек жолу тажрыйбага өтө бай, себеби ал Орусиядагы бир катар белгилүү студияларда билим алып, эң мыкты студент жана актёр деген атка татыган. Кийин анын тажрыйбасы бир катар театрларды башкарууда чоң пайдасын тийгизген. 81 жаш курагын белгилеп жаткан актёр көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

17-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан