МЕДИА-ПОРТАЛ: "Добулбас" тобунун "Жан ардагым" ырынын клибин тартууда ырдын мааниси кайгылуу болсо да дарыгерлер күлүп жатышып тартылган

"Медиа-порталдагы" бактысыз сүйүү тууралуу "Добулбас" тобунун "Жан ардагым" ырынын клиби 2015-жылы жай айларында тартылган.

Клипте профессионалдуу актёрлор роль жаратышканын ырдын аткаруучусу, топтун мүчөсү Ильяс Кудретов айтты.

"Башкы каармандын сүйгөн кызы эс-учун жоготуп, экөөнүн мамилелери тууралуу баарын унутуп койгон болот. Ага карабастан, бала үмүтүн үзбөй, күндө ооруканага келип, анын жанына отуруп, акырындан жакындап, кайрадан кызга экөөнүн сүйүүсүн эстетет. Ошентип, экөө бактылуу болуп, мына кетебиз дегенде кыз кайрадан баланы эстей албай, ызы-чуу салат", - деди ырчы клиптин сюжети тууралуу.

"Клип былтыр Орозо маалында, бир бөлүгү Токтогулда, экинчи бөлүгү Бишкекте, Ала-Арчада тартылган. Орозо маалында, күндүн ысыгында клип тартуу бир аз оор болду. Ооруканадагы кадрларды тартууга уруксат алуу үчүн чуркап калдык. Акыры жаңы салынган ооруканада тартууга уруксат беришти. Клиптеги дарыгерлер чынында эле оорукананын кызматкерлери болчу. Ошондуктан кыз кыйкырып, ызы-чуу салган жеринде чыдабай күлүп жиберип жатышты. Ал кадр 3-4 дубль менен тартылган", - дейт Кудретов.

Клипти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан