Бүгүн, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүүдө. 58 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильва менен беттешти. 2 баскычтын жыйынтыгында балбан кызыбыз 11:8 эсебинде жеңишке жетишип, мелдештин 1/4 финалына чыкты. Чейрек финалда А.Тыныбекова Финляндиянын өкүлү Петра Маарит Олли менен беттешмекчи.