Бүгүн, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүүдө. 58 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова мелдештин коло медалынан куру калды.
Ал коло медаль үчүн кармашта Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп калды (5:8). Акыркы эпизоддо калыстар Айсулуунун эсебине 2 упай жазбай коюшту. Нааразы болгон мекендешибиздин машыктыруучусу калыстарга кайра карап чыгуу суранычы менен кайрылды, бирок калыстар өз пикирин өзгөртүшкөн жок. Жыйынтыгында балбан кызыбыз 5-орунду ээлеп калды.
Кошумчалай кетсек, Айсулуу мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болду. Балбан кызыбыз 14:7 эсебинде утуп, татыктуу түрдө жарым финалга чыккан.
Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болуп, беттеш 4:1 эсебинде атаандаштын пайдасына аяктады.