Рио-2016: Индия медаль алган 80 мамлекеттин катарына кирди, казак спортчуларынан кезектеги алтын медаль

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 18-августка караган түнү Индия өлкөсү мелдештеги алгачкы медалына ээ болду. Медалды 58 килограмм салмакта күрөшүп, чечүүчү беттеште биздин балбан Айсулуу Тыныбекованы уткан Малик Сакши алып келди. Ошентип, Индия бул Олимпиадада медаль алган 80 мамлекеттин катарына кирди.

Жалпы медалдардын саны боюнча сөз кыла турган болсок, алдынкы ондукта дээрлик өзгөрүү болгон жок.

207 мамлекеттин ичинен 80 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты. Карамагындагы 1 коло медалы менен Кыргыз Республикасы 70-орунда келүүдө.

1. АКШ - 93 медаль (30 алтын, 32 күмүш, 31 коло)

2. Улуу Британия – 50 медаль (19 алтын, 19 күмүш, 12 коло)

3. Кытай – 54 медаль (19 алтын, 15 күмүш, 20 коло)

4. Орусия – 41 медаль (12 алтын, 14 күмүш, 15 коло)

5. Германия - 29 медаль (12 алтын, 8 күмүш, 9 коло)

6. Япония – 33 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 18 коло)

7. Франция - 31 медаль (8 алтын, 11 күмүш, 12 коло)

8. Италия - 23 медаль (8 алтын, 9 күмүш, 6 коло)

9. Голландия - 15 медаль (8 алтын, 4 күмүш, 3 коло)

10. Австралия – 24 медаль (7 алтын, 8 күмүш, 9 коло)

17. Бразилия – 12 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 4 коло)

18. Казакстан – 12 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 6 коло)

26. Өзбекстан - 7 медаль (2 алтын, 1 күмүш,4 коло)

70. Кыргыз Республикасы - 1 медаль (1 коло)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Bema50000
2016-08-18 08:26:59
Вобще ушул индустарды жанылык кылып жазбагылачы, бул туура эмес алган медаль болду. Калыстар кайра тартып койду. Калыстарды мировой сотко бериш керек, бул мамлекеттин колунан эмне келет дегендей болду.
+27
Kainar20
2016-08-18 09:38:19
Bema50000,сизге кошулам ээээ булар кыргыздын ким екенин билбей журотко
+14
gordaya
2016-08-18 18:25:37
Kainar20,билгенде бирдеке кыла алабызбы?
-1
Kara-kulzha
2016-08-18 16:56:02
Bema50000, Туура айтасын ошол калыстарды соттотуш керек. 2008 жылы Пекин жайкы олимпиадалык оюндарындада Биздин балбанды артка тартышкан!
+3
realmadrid32
2016-08-18 08:43:19
Боордошторда легионер спортчулар коп экен
-5
gordaya
2016-08-18 09:01:47
Ушулардын жанында биздин Айсулуу турса кандай сонун болот эле!!!!!!!!!!!((((((((((((((
+1
Abdyrashit.Satylganov
2016-08-18 09:17:41
Super.kg нин дизайни алмашканбы же менден ушундай көрүнүп жатабы айтып койгулачы.. Тамгалары чоң чоң көрүнүп кызыктай эле болуп жатат
-10
surgeon777
2016-08-18 09:49:20
Abdyrashit.Satylganov,озгорууну байкаган жокмун,меники мурдагыдай эле.
-3
surgeon777
2016-08-18 09:50:51
Адам жардам сурап кайрылса минус басып олуп баратасынар го,жооп берип кой же отуп кет да,кызык эле.
-5
sabyr86
2016-08-18 10:12:04
Сотко кайрылыш керек,биздин жеп ХХХ бир нерсе кыла боло,калыс көз көрүнөө тартып койду.
+6
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-18 10:23:48
sabyr86,булар калыс эмес эле, сатылып кеткен ХХХ
+6
admin_portal
2016-08-18 11:25:41
sabyr86, Ajimanbetova.Kanikey, этика нормаларын сактаңыздар! Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуздар!
0
Syper.kelin4ek
2016-08-18 10:54:42
Булар Айсулууга даана эле бут тосушту.
+3
sabyr86
2016-08-18 11:23:03
Ошончодон өзбек калыстык кылганын карасаңар.
+5
admin_portal
2016-08-18 11:27:23
Kainar20, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
-2
tuigan.
2016-08-18 12:10:46
Ичим туз куйгандай ачышып атат дагы деле.айсулуу жок дегенде бронзо алмак.эхх
+2
bema_bema
2016-08-18 12:24:01
Тартып койушту Айсулуу жакшы кучтуу курошту молодец
+3
Belek2070
2016-08-18 13:07:13
Айсулуу которуп устунон айлантыго ошондо очкону индиянкага берип коюшту ошол жерин ткшунбой калдым неге андай кылышты!!! Анан да 4-5эле счёт бетеш буторуно 10 секунда калганган эле Айсулуунун пайдасына, ошол эсепти кармап тура бериш керек эледа защита кылып эле, кайра очко кошом деп атып индуска очко коштуруп салды. Бир минутада индус 7 очко алып кетти.
0
nurka_85
2016-08-18 14:36:02
3-сун корбой калып видеосун таппай жатам ссылка болсо корсотуп койгулачы
0
admin_portal
2016-08-18 14:46:16
nurka_85, төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз! http://www.super.kg/media/uservideo/173629/
0
nurka_85
2016-08-18 16:55:22
рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан