“Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган М.З. аттуу аял 17-август күнү чек арачылар тарабынан кармалган. Анын паспортун текшерүү учурунда жасалма экени аныкталган. Мындан улам тиешелүү документтер толтурулуп, ал аял УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Анын айтымында, Казакстанга жумуш издеп бара жаткан.