Түркиянын чыгышындагы Элязыг шаарында болгон жардыруудан 6 адам каза тапты

Түркиянын чыгышындагы Элязыг шаарында болгон жардыруудан 6 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта чет элдик маалымат булактары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка караганда, жардыруу бүгүн эртең менен полиция имаратынын жанында орун алган. Анда жардыруучу зат катылган эки унаа жарылып, натыйжада 6 адам каза тапкан. Жабыркагандардын саны учурда 146га жетип, айрымдарынын абалы дале оор бойдон экени айтылууда.

Полиция жардырууну Күрд жумушчулар партиясынын жактоочулары уюштурганын айтууда. Ал эми аталган партия азырынча окуя тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kudrettt
2016-08-18 15:28:39
кудай сактасын
0
orozova
2016-08-18 16:05:58
Кудай сактасын ушундай кырсыктардан.Туркияда абал ото эле коопту болуп калды окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан