Ысык-Көл облусунда 10 килограмм баңгизат менен 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түп районуна караштуу Ой-Тал айылынын четинен мүшөккө салынган жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
"Баңгизат менен кармалган жаран буга чейин да баңгизатты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн жоопко тартылган", - деп айтылат маалыматта.
15-августтан 17-августка чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында баңгизат менен байланышкан 11 кылмыштын бети ачылган, мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 10 килограммдан ашуун баңгизат алынган.