Эртең Бишкекте "Дордойдун" футболчуларынын катышуусунда Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо туру старт алат

Эртең, 19-августта Бишкек шаарында өлкөнүн футбол боюнча вице-чемпиону "Дордой" футболдук клубунун катышуусунда эл аралык мелдеш старт алат. Азиянын футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда "дордойчулардын" атаандаштары Гуам жана Макаодон келген командалар болмокчу.

Мелдештин жобосуна ылайык, командалар бир айлампа ойноп чыгышмакчы. Алгачкы беттеш 19-августта "Дордой" менен Гуамдын "Роверс" командасынын ортосунда болмокчу. Беттешке 17:30да старт берилет.

Оюндар "Дордой" спорткомплексинде өтөт. Билет баасы - 100 сом.

"А" тайпасындагы командалар: "Роверс" (Гуам), "Дордой" (Кыргыз Республикасы), "Каса Бенфика" (Макао)

Бардык оюндарга 17:30да старт берилет:

19-август. "Роверс" (Гуам) - "Дордой" (Кыргыз Республикасы)

21-август. "Каса Бенфика" (Макао) - "Роверс" (Гуам)

23-август. "Дордой" (Кыргыз Республикасы) - "Каса Бенфика" (Макао)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dastan_nookat
2016-08-18 18:19:51
Эфирден береби
0
maks13
2016-08-19 00:08:21
Дордой чыгыш керек
0
nuridindosmatov
2016-08-19 11:41:18
Алай не болптур алар чемпион болгонго???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан