Ырчы, манасчы Ширин Сарыгулова белгисиз адамдар үйүнө кирип, эки ноутбугун уурдап кетишкенин 18-августта SUPER.KG'ге билдирди. Ошондой эле белгисиз адамдар унаасынын терезелерин да талкалап кетишкен.
"Бир канча күн мурун үйгө ууру кирип, эки ноутбугумду уурдап кетиптир. Андан сырткары машинамдын арткы терезесин талкалап кетишиптир. Көрө албастардын колунан келген эле иш го деп тим болдум", - деп айтты ырчы Сарыгулова.