Иззат Артыков "допинг колдонду" деп айыпталып, Олимпиададан уткан коло медалынан ажыратылды

Кыргыз спортчусу Иззат Артыков "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынан уткан коло медалынан ажыратылды. Мындай чечимди Эл аралык спорт арбитраждык соту чыгарганы бүгүн, 18-августта кабарланды. Маалым болгондой, Артыков "допинг колдонду" деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилди. Спортчунун заарасынан стрихнин заты табылган деп белгиленүүдө.

Эскерте кетсек, 10-августка караган түнү Бразилияда өтүп жаткан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында кыргыз спортчусу Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Маалымат үчүн: Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (72)
ZHYRGAl1412
2016-08-18 23:37:28
Кытай польша болгариядандагы чыкты допинг колдонгон
0
Kanzada97
2016-08-18 23:44:28
Ишенбейм.допинг колдонушу мумкун эмес.кайсы мамлекет кыргызга ичи куйуп атат э? Айсулуу эжени да туура эмес калдылар.
+3
Kanzada97
2016-08-18 23:48:22
Америкалыктар кытайлыктар допинг ичпегенде. Биздин спортсмендер утуп кетет экен.
-1
maks13
2016-08-18 23:58:45
Кыргызстан допинг колдонбойт!!!кыргызстан чесный !!!
+1
baltabaev
2016-08-18 23:58:55
Олаа не деген шумдук
-1
maks13
2016-08-19 00:00:13
Кыргызстан допинг колдонбойт!!!
+2
Ali-han
2016-08-19 01:03:22
maks13,Сен каяктан билесин? Любой спортсмен колдонот
-1
maks13
2016-08-19 07:29:25
Ali-han,Изат Артыков колдонбойт анткени
ал КЫРГЫЗ!!!
0
Ali-han
2016-08-19 00:41:27
Колдонсо колдонгондур эл катары эле)))
0
Beksultan-007
2016-08-19 01:28:33
Бул жерде да саясат барго дейм. Олимпийский комитет озу куноолуу. Сыйлыктар толук берилсе жакшы болмок
+5
lenovo820
2016-08-19 02:01:01
Izzatka berilgen uidu mawinany akchasynda alyp koiuwaby emi?
-1
tea23
2016-08-19 02:02:07
Магомед калды Эми ошо да утулса бутту кр га жок медаль((
+1
DNurgiza
2016-08-19 04:31:03
демек:
алтын медаль:0
күмүш медаль:0
коло медаль:0
кандай гана өкүнүчтүү,...
0
sharolli
2016-08-19 09:15:47
Олдуго бул жагы! Америкага ишенбейм таза кучу менен 1-оорунду ото эле чон айрымачылык менен кетип атканына! Или эмне Американын баарын эле Мутанттар басып кеткенби?
0
Frezia
2016-08-19 09:59:14
Эмнеси болсо да Аллахтын буйруганы болот да.
0
Sagidko88
2016-08-19 10:01:44
иззатыбыз чемпион керек болсо. колосунун кереги жок!
0
Aldyiar
2016-08-20 03:21:38
ээ адамды уят кыласынарго аа сотко берчи Иззат укам
билемин сен жакшы болуп келдин Кыргыгызстанга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан