"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында жеңишке жеткен Иззат Артыков коло медалынан ажырап калуу коркунучунда. Аны Эл аралык спорт арбитраждык соту "допинг колдонгон" деп айыптоодо. Бул тууралуу спортчунун иниси Азат Артыковго байланышканыбызда бул окуя тууралуу кабары жок экени белгилүү болду.
"Бул тууралуу уга элек экенмин. Агам менен жеңем Токтогулга кетишкен. Андай болушу мүмкүн эмес", - деди иниси.
Ал эми келинчеги Айгерим Замирбекова кабарды жаңы укканын билдирди.
"Андай кабарды азыр эле уктум. Учурда жолдошум үйдө эмес. Машыктыруучусу менен байланыша элекпиз. Мунун баары териштирилет да, шак эле алып салбайт болуш керек", - деди жубайы.