"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 18-августта Американын спортчулары өлкө атына 100-медалды утуп беришти. Учурда АКШнын карамагында 35 алтын, 33 күмүш жана 32 коло медаль болду. Орусия 4-орундан 5-орунга жылды.
18-августта Иззат Артыковдун допинг колдонгону аныкталганы жана бул себептен анын медалы тартылып алынары боюнча маалымат тарады. Муну менен Кыргыз Республикасы медалсыз калып, башта сыйлык алган 81 мамлекеттин катарынан чыкты.
207 мамлекеттин ичинен 80 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты.
1. АКШ - 100 медаль (35 алтын, 33 күмүш, 32 коло)
2. Улуу Британия – 56 медаль (22 алтын, 21 күмүш, 13 коло)
3. Кытай – 58 медаль (20 алтын, 16 күмүш, 22 коло)
4. Германия - 32 медаль (13 алтын, 8 күмүш, 11 коло)
5. Орусия – 44 медаль (12 алтын, 15 күмүш, 17 коло)
6. Япония – 36 медаль (12 алтын, 6 күмүш, 18 коло)
7. Франция - 34 медаль (8 алтын, 12 күмүш, 14 коло)
8. Италия - 24 медаль (8 алтын, 10 күмүш, 6 коло)
9. Голландия - 16 медаль (8 алтын, 4 күмүш, 4 коло)
10. Австралия – 27 медаль (7 алтын, 10 күмүш, 10 коло)
13. Бразилия – 15 медаль (5 алтын, 5 күмүш, 5 коло)
20. Казакстан – 15 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 7 коло)
29. Өзбекстан - 8 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 5 коло)