Ямайкалык жөө күлүк Усейн Болт Олимпиада оюндарындагы 8-алтын медалын тагынды. Спортчу 19-августта 200 метр аралыкка чуркоодо мара сызыгын биринчи болуп кесип өттү. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал бул аралыкты 19.78 секундада багындырган. Күмүш медалды канадалык Андре Грассе тагынса (20.02 секунда), коло медалды Кристоф Леметр багындырды (20.12).