Оор атлет, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 69 килограмм салмакта коло медаль тагынган Иззат Артыков допинг чырына байланыштуу маалымат берди. SUPER.KG порталына ал эч нерсени түшүнбөй турганын билдирди.
"Мунун баары калп. Мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин. Эмнеден улам мындай болуп жатканын түшүнбөй турам. Бул чырдын баарын франциялык спортчу баштады. Ал "байге ээлери допинг колдонушту" деп айтып чыккан. Бизге бул жаңылык өтө оор тийди. Азыр федерация жана өкмөт тарабынан эмне жумуш жасалып жатканынан кабарым жок. Айылда болчумун. Азыр Бишкекти көздөй жолго чыктым", - дейт спортчу.
Кошумчалай кетсек, Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын беттештеги жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.