Актан Арым Кубат "Киношок" фестивалынын калыстар тобунун катарына кирди

Актан Арым Кубат "Киношок" фестивалынын калыстар тобунун катарына кирди. Бул тууралуу Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү фонду билдирди.

"КМШ өлкөлөрүнүн, Латвия, Литва жана Эстония тасмаларынын мааракелик 25-Ачык фестивалы 3-10-сентябрларда Орусияда, Анапада өтөт. Анда негизги толук метраждуу тасмалардын сынагында "Киношоктун" өткөн жылдарындагы лауреаттары катышат", - деп айтылат маалыматта.

Актан Арым Кубаттан тышкары калыстар тобуна Орусиянын Эл артисти Алла Демидова, режиссёр Алена Званцова, оператор, искусство ишмери Олег Мартынов, Эл аралык Москва кинофестивалынын башчысы Наталья Семина жана кино таануучу Игорь Сукманов киргени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан