Оор атлетика федерациясы коло медалы жокко чыгарылган спортчубуз Иззат Артыковдун анализин кайра тапшыруу суранычы менен Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттигине кат даярдап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, федерация Эл аралык спорт арбитраждык соттун чечимине каршы ушул эле сотко апелляциялык арыз даярдап жатат. Жакын арада агенттик жана Олимпиада комитети тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлмөкчү.
Тыюу салынган каражатты колдонгонун спортчуга 12-августта билдиришкен. Мындан улам КРнын делегациясынын башчылары Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттигинин эрежесине таянып, "В" текшерүүсүн жүргүзүү суранычы менен кайрылышкан. "В" текшерүү качан гана "А" текшерүүдө допинг табылган учурда жүргүзүлөт.
"13-августта биздин көз алдыбызда спортчунун заарасы "В" текшерүүдөн өттү. 15-августта тиешелүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан арбитраждык сотко жөнөтүлдү. 18-августта Бразилиянын сааты боюнча 13:00дө сот чечими чыгып, спортчунун медалы алынганы тууралуу кабар алдык", - дейт агенттиктин директору.
Буга катар агенттиктин расмий билдирүүсүндө төмөнкүлөр жазылган: "Спорт агенттиги Улуттук Олимпиада комитети менен бергеликте допинг колдонуулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Агенттиктин демилгеси менен 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Кыргыз Республикасы 2010-жылы Эл аралык допинг менен күрөшүү конвенциясына кошулган. Буга катар агенттиктин "Допингге каршы күрөшүү жөнүндөгү" буйругу кабыл алынган. Анын негизинде түрдүү заттарды кабыл алып, адилетсиз жеңишке жетишүүгө тыюу салынган. Агенттиктин тиешелүү түзүмдөрү Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттигинин нормалары боюнча машыктыруучуларга маалымдап, аларды окутуп турат. Агенттиктин бул буйругунун негизинде, допинг колдонулган учурда жоопкерчиликти спортчу, жеке машыктыруучу, башкы машыктыруучу жана дарыгер алат".