Кайыкты калак менен шилтеп жарышууда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль тагынган молдовалык спортчу Сергей Тарновскийдин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ал жердешибиз Иззат Артыков сыяктуу эле "допинг колдонду" деп айыпталды. Молдованын өкүлү коло медалын 1000 метр аралыкка жарышта уткан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын медалы тартылып алынган күндө 4-орунду ээлеген орусиялык спортчу Илья Штокаловго берилет.
Азырынча спортчунун канында кандай зат табылганы тууралуу так маалымат жок. Спортчу допинг текшерүүдөн Олимпиада оюндары башталганга чейин эле өткөн.